21-апрель, жума күнү Орозо Айт майрамы

Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”, — деп буйруган (Сахих муслим 1080).
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2023-жылдын 21-апрель, жума күнүн «Орозо Айт майрамы»,- деп белгиледи.

Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.