Акимжан ажы Эргешов: Аравандагы имам аль Бухари атындагы медресе жаштарды өрт өчүрүүчү жана айдоочулук кесиптерине үйрөтүүдө

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын окуу бөлүмү АВЕП коомдук бирикмеси менен биргеликте «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы 6 диний окуу жайдын мүдүрлөрүн ордолуу Ош жергесинен орун алган диний окуу жайлар менен  тажрыйба алмашуу  максатында атайын иш сапарын уюштурду.

Иш сапар алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешов жетектеген жана медресе мүдүрлөрүнөн турган топ Ош облусуна караштуу Араван районундагы имам аль Бухари атындагы медреседе болушуп, аталган медресенин «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбооруна кирбестен туруп, өз алдынча медресе окуучуларына кесиптик предметтерди өтүп жаткандыгы менен таанышышты. Имам аль Бухари атындагы медресенин  окуучуларын кесиптик шыктарга үйрөтүүдөгү өзгөчөлүктөрүнүн бири жаш өрт өчүргүчтөр курсунун ачылгандыгында. Бул курста өзгөчө кырдаалдар министрлиги аалдындагы Араван райондук өрт өчүрүү кызматынын адистери сабак өтүүдө. Аталган медресенин дагы бир жетишкендиктерин бири  бул медресе студенттерине жол эрежелерин жана унаа башкарууну үйрөтүү курсунун ишке ашкандыгында.

Имам аль Бухари атындагы диний окуу жайда биз күбө болгон  ушундай жана башка кошумча кесиптик курстарынын иштери менен аталган топ таанышып чыгып, көптөгөн тажырыйба ала алышты. Имам аль Бухари атындагы медресеси  медресе мүдүрлөрүнөн турган топту таасирлендирген  курсу бул кыргыз тилин жана кыргыз грамматикасын үйрөтүү болду,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов.

Андан соң, аталган топ  Өзгөндө жана башка райондордогу медреселердеги КМДБнын окуу бөлүмү, АВЕП коомдук бирикмеси менен бирге медресе окуучуларын кесиптик шыктарга окутуу долборунун иштери менен таанышып чыгышты.