Азирети Муфтий Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана шаар мэри менен биргеликте жергилктүү тургундар менен жолугушту

Бүгүн, 13-ноябрь күнү Ош облустук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында  аймактарды өнүктүрүү жылына  карата жыйын  өтүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У. Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов, райондун акимдери, мекеме, уюмдардын жетекчилери, жогорку окуу жайдын проректорлору, мектеп директорлору, укук коргоо органдарынын жетекчилери, Ош облусу жана Ош шаарынын казылары, райондун баш имам хатибтери, шаардагы мечиттин имамдары жана жергиликтүү тургундар катышты.  

Жыйын алкагында КР Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү облус аймагындагы диний кырдаалга кеңири токтолуп, дин кызматкерлери менен биргеликте аткарылган иштерден кабар берди. Ал эми  Ош шаарынын мэри, Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары диний  абал боюнча баяндама жасашып, аткарылып жаткан иштер менен тааныштырышты. Жыйын алкагында Азирети Муфтий  Максатбек ажы Токтомушев мекенди сүйүү жана ага кыянаттык кылбоо туурасында баядама жасап, катышуучуларды  ар бир иште жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

 Мекенге кыянаттык кылбай, аткарган ишибизге жоопкерчиликтүү мамиле кылсак ошондо гана айылыбыз, районубуз, шаарларбыз, эң негизгиси мамлекетибиз өнүгөт,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар ысырапкорчулукту токтотуу боюнча өз оюн билдирип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери коомчулук арасында байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү керектинин баса белгилеп, ысырапкорчулуктун шарияттагы ордун түшүндүрүп берди.