Акимжан ажы Эргешов: Гита айым кээде түгөйү Зитанын түшүнө кирип, Куран жаттагынына ыраазы болгондугун айтканында көзүмө жаш тегеренди

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Ош шаарындагы Саида Хадича кыздар медресесинде окуп, Куран жаттаган Сиам эгиздеринин бири  Гита Резахановадан кабар алды.

Гита Резаханова Саида Хадича кыздар медресесинде билим алуу менен биргеликте араб тилин дагы мыкты деңгээлде  өздөштүрүүдө. Муну менен катар ал китеп окуу боюнча бир нече конкурстарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Сиам эгиздеринин бири  Гитаны зыярат кылуу учурунда Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын атынан акчалай жардам жана китеп белек кылды.

Ош облусундагы диний окуу жайлардагы кошумча кесиптик билим берүү долбоорунун ишке ашуусун көзөмөлдөө жана тажрыйба алмашуу учурунда атайын Гита айымды зыярат кылып, анын ал абалынан жана окуусунан кабар алдым. Гита айым абдан жакшы окуп жаткандыгына күбө болуп, өзүм аябай ыраазы болдум. Эң жетишкендиги 30 пара Куранды жаттап алыптыр. Гита айым кээде түгөйү Зитанын түшүнө кирип, Куран жаттагынына ыраазы болгондугун укканымда көзүмө жаш тегеренди,-деди Акимжан ажы Эргешов.