Өлкө аймагынан келген медресе мүдүрлөрү Ош облустук казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышышты

Кечээ, 13-ноябрь күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына караштуу өлкө аймагынан келген 10дон ашуун диний окуу жайлардын мүдүрлөрү Ош облустук казыятында болушуп, мекеменин аткарып жаткан ишмердүүлүгү менен таанышышты. Иш чарага аталган топтун жетекчиси КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, “АВЕП” коомдук фондунун өкүлү Нарынбек Кыдыргычов, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев  жана казыят кызматкерлери катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө Нурбек кары Орунбаев казыяттын 3 кабаттуу болуп, заманбап шарттары менен бүткөрүлгөн имаратынын жыйындар залы, офистик кеңсе бөлмөлөрү жана окуу залдары менен тааныштырды. Мындан сырткары казыяттын иштөө тартиби, жыл ичинде ишке ашырылган долбоорлору менен иш-араакеттери боюнча айтып берди. Мындай саамалыкка күбө болгон коноктор казыят менен тыгыз кызматташып, тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруп турууну талкуулашты.

Баарыбыз күбө болуп олтурабыз, казыяттын 3 кабаттуу заманбап шарттары менен курулуп бүткөрүлгөнү баарыбыз үчүн сыймык. Мындай заманбап диний идара Кыргызстанда алгачкылардан болуп курулуп жатат. Мындан ары да жалпы мусулмандар үчүн ак кызмат кылып, башка казыяттарга да үлгү болуңуздар, – деди Акимжан Эргешов.  

Эскерте кетсек, ушул жумада КМДБнын окуу бөлүмү жана “АВЕП” коомдук фонду биргеликте «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Бишкек, Ош шаарларынын диний окуу жайларынын мүдүрлөрү үчүн Ош облусундагы диний окуу жайларга тажрыйба алмашуу   иш сапарын уюштурушкан болчу.