Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу II эл аралык конференцияга катышууда

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу II эл аралык конференцияга  катышууда. Конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери, белгилүү эксперттер жана окумуштуулар катышууда.

Конференцияга өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков катышып, Конфессиялар ортосундагы ынтымакты, динге ишенгендер менен өздөрүн динден тышкары эсептегендердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана сый мамилени чыңдоо керектигин билдирди.

Муну менен катар өлкө башчы диний билим берүүнүн бардык тепкичтерин камсыз кылуу маселеси жаралгандыгын, Кыргызстанда биринчи жолу имамдар кошумча окууга тартыла баштаганын, Ислам колледжинин мамлекеттик лицензиянын талаптарын аткарып, министрликтин көзөмөлү менен окуу стандарттарын ишке ашыра баштаганы да колдоого татыктуу мисал экендигин билдирди.

Медресе, ислам колледжи, ислам институту, ислам университети бирдиктүү бир системанын тиешелүү тепкичтери болушу зарыл. Келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек болот,-деди КР Президенти Сооронбай Жээнбеков. 

Ошондой эле өлкө башчыбыз ата-бабаларыбыз карманган ислам дини светтик коомго, светтик мыйзамдарга карама-каршы келбей тургандыгын, бул байыркы кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарына да туура келип, ата-бабаларыбыз ислам элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга, көчмөндөрдүн дүйнөгө көз карашына төп келгени үчүн да исламды дин катары кабыл алышкандыгын айьып өттү.

Орто кылымдарда Борбордук Азияда ислам дининин жайылуусу менен Кыргызстанда шаарлар өнүккөн, мечиттер, медреселер жана китепканалар салынган. Азыркы Бурана, Өзгөн мунарасы, Шах Фазил, Таш-Рабат сыяктуу архитектуралык эстеликтер курулган. Жусуп Баласагындын „Кут алчу билими“, Махмуд Кашгари-Барсканинин „Диваны“, Абу Бакр Серахси-Өзгөндүнүн „аль-Мабсуту“, Сираажуд-Дин Ошинин „Бадуль-амалийи“ ж. б. улуу инсандардын эмгектери жаралгандыгы баарыбызга маалым,-деди өлкө башчы.

«Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу II эл аралык конференцияга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарлары, КМДБнын бөлүм башчылары,  облус казылары дагы катышууда.