“Апиза эне” ислам институтунда хадис боюнча таймаш өткөрүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу “Апиза эне” ислам институтунун студенттери арасында Рамазан айына карата Хадис сабагынын алкагында Имам ан-Нававинин 40 хадиси боюнча таймаш уюштурулду. Таймаш “Исмаил ата” борбордук мечитинде өткөрүлүп, саамалыкка КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, институттун ректору Абдирашит ажы Батыров, окутуучулар жана студенттер катышты.

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев студенттердин таймашка жогорку даярдык менен активдүү катышканын баса белгилеп, мындан аркы окууларына ийгилик кааласа, облус казысы Сайдамир ажы: “Мындай таймаштар биринчи жолу өтүп жаткан жок, буга чейин биз бир канча таймаштарга калыстык кылып келдик. Институт студенттери дайыма активдүү катышат. Келечекте динге, мамлекетке кызмат кылчу мыкты кадрлар чыгат”, – деп билдирди.

Ал эми институттун ректору Абдирашит ажы Батыров таймаштын негизги максаты ханафи мазхабын жайылтуу, хадис жаатында студенттердин билимин тереңдетүү, студенттерге шык берүү жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналарын айтып өттү.

Таймаштын шарты төмөнкүдөй болду:

биринчи: Имам ан-Нававинин 40 хадисинин ичинен оозеки билет алуу менен арабча текстин жатка айтып берүү;

экинчиси: ханафи мазхабынын жана матуриди акыйдасынын негизинде кыргызча маанисин айтып берүү;

үчүнчүсү: хадисти ким риваят кылган, аты-жөнүн так айтуу.

Таймашта “Имам Муслим”, “Имам ан-Навави”, “Имам Абу Давуд”, “Имам Тирмизий” жана “Имам аль-Бухарий” топтору күч сынашты.