“Апиза эне” ислам институтунун студенттерине 400 миң сомдук кийим белек кылынды

Улуу Рамазан айында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин демилгеси, Ош облустук казыятынын жана Кара-Суу райондук хатибиятынын колдоосу менен “Апиза эне” ислам институтунун ар бир студентине Ыйык Куран китеби белекке берилди. Ошондой эле Түркия өндүрүшүндө даярдалган 3000 сомдук кийим-кече, футболка, бут кийим жана ар бир мугалимге 6000 сомдук костюм-шым таратылды. Институт ректору Абдирашит ажы Батыровдун айтымында, рамазандык белектин жалпы наркы 400 миң сомду түзгөн.

Эске салсак, “Апиза эне” ислам институтунда жалпы 130 га жакын студент билим алса, 10 окутуучу эмгектенет.