![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/04/a0ef9ab5-e07d-410c-b963-229361a61370.jpg)
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында «Саад Ибн Абу Ваккас» мечитинде жардамга муктаж 18 үй-бүлөгө жардам берилди. Ыйык Рамазан айында кылынган кайрымдуулук акциясында ун, макарон жана өсүмдүк майы өңдүү азык-түлүктөр Ивановка жана Красная Речка айылындагы муктаж тургундарга берилди.
Иш-чараны Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби Бактыбек ажы Убабеков уюштуруп, аманаттарды өз ээлерине тапшырган. Анын айтымында, демөөрчүлөр аттарын атабоону суранышкан.