Ош облустук казыятында баш имам-хатибдерге жыйын болуп өттү

Ош облусунун аймагындагы райондордун баш-имам хатибдерине жыйын болуп өттү. Жыйында төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди:

— Айт намазын өз убагында окуу;

— мечиттердин тазалыгына көңүл буруу;

— мечиттердин эсептик каттоосун бүткөрүү;

-садака-фитирди жыйноодо так болуу;

— орозо айттын хутбаларында КР Президентинин ПЖ №54 Жарлыгынын негизинде ысырапкерчиликтин кесепеттерин айтуу, элди ар түрдүү ушак-айыңдардан узак болуп, эмгек кылууга үгүттөө;

— жогорудагы тапшырмалардын аткарылганы боюнча маалыматтык отчётторду өз убагында тапшыруу.

“Келе жаткан айт баарыбызга маарек болсун. Буйруса, айт намазын окууга даярдыктар башталды. Ошол айт намазынын хутба-баяндарында ысырапкерчиликке жол бербөө, ушак-айыңдан узак болуу жана элди эмгекке үндөйлү. Үрөн сээп, “кыштын камын жазда көрөлү” деп айталы. “Качып кетсең, чачып кет” деп даанышман элибиз бекеринен айткан эмес”, – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.