Баткенде таравих намазында Куран хатм кылган карыларга умра сапарына жолдомо берилди

Баткен шаарындагы “Абу Бакр Сыдык” мечитинде таравих намазында Куран хатм окулду. Куранды 27 күн ичинде толук окуп берген карыларга мечит имамы Сайдакмад ажы Аппазовдун демилгеси менен мечит жамааты умра сапарына жолдомо ыйгарды.

Баалуу сыйлыкты Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана казыят кызматкерлеринин, жалпы жамаатын катышуусунда тапшырып, карыларга ыраазычылыгын айтты.

Белгилей кетсек, Рамазан айынын урматына Баткен обусундагы жалпы 106 мечитте Куран хатм окулду.