Чүй облусунун казысы болочок ажылар менен жолугушту

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Сокулук району боюнча ыйык ажылык сапарына аттанып жаткан болочок ажылар менен жолугушту. Жолугушууда облус казысы ажылыктын ыйыктыгы жана бул сапардын түйшүгүн айтып, ибадат боюнча маалымат берди.

Муну менен катар Абдил-Азиз ажы Чыныбеков ажылыкты уюштуруу иши жакшырып жатканын айтып, КМДБга ыраазычылык билдирди.

«Ажылык исламдын беш түркүгүнүн бири. Ал Куран тастыктаган парз өкүмүндөгү ибадат. Алла Таалам канча деген инсандардын ичинен ажыга барууну сиздерге буйруптур», – деди облус казысы жолугушууда.