«Абдыжапар» атындагы ислам институтунда студенттер арасында стол тенниси боюнча мелдеш өткөрүлдү

Кечээ, 19-апрель күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндө жайгашкан «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студенттери арасында стол тенниси боюнча мелдеш өткөрүлдү. 

Мелдештин жыйынтыгында алдыңкы орун алган төмөнкү студенттерге сыйлоо баракчалары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

1-орун: Заиров Жеңиш

2-орун: Тешебаев Эмилбек

3-орун: Бактияр уулу Нурболот

Ал эми 4-5-орунду алгандарга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

«Студенттер арасында илимий да, спорттук да мелдештерди тез-тез өткөрүү менен алардын окууга болгон кызыгуусун дагы да жандандыруу аракеттерин көрүүдөбүз», – деди ректордун милдетин аткаруучусу Алтынбек ажы Туйчиев.