Базар-Коргондо аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө Орозо айт алдында Рамазан баштыкчасы таратылды

Базар-Коргон районунда райондук хатибияттын демилгеси менен кайрымдуулук багытында “Икомут-Татвиир” фонду менен биргеликте 100 баштыкча даярдалып, муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Иш-чарага Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Абдулазиз кары Закиров, баш имам-хатибдин орун басары Ашим ажы Абидинов жана “Имам Тирмизий” медресесинин мүдүрү Нармамат ажы Икрамов катышты. Абдулазиз кары Закиров кайрымдуулукка кайдыгер карабай, ар жыл сайын жардам берип келе жаткан “Икомут-Татвир” фондунун жетекчиси Васим Абу Нидолго хатибияттын жана элдин атынан ыраазычылык билдирди. 

Саамалыкта ун, кумшекер, макарон, өсүмдүк майы, туз, күрүчтөн турган наркы 1100 сомдук азык-түлүк баштыкчалары муктаж адамдарга берилди.

Эскерте кетсек, аталган фонд бир жылда бир жолу 100-150 муктаж үй-бүлөгө жардам берип келет.