Өзгөн районунда “Кош бол, Рамазан” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Ош облусунун Өзгөн районунда Рамазан айынын аяктоосуна карата “Кош бол, Рамазан” аттуу иш-чаранын алкагында ооз ачыруу болууда. Аталган ооз ачыруу иш-чарасына район тургундары чакырылып сый көрсөтүлүүдө. Ооз ачырууга Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев катышып, эл-журтка орозодогу жана Рамазан айынан кийинки амалдар боюнча насааттар айтылды.

“Пайгамбарыбыздын (с.а.в) тарбиясын алган улуу сахабалар жыл бою Рамазан айын күтөт эле. Орозо келери менен жүздөрүнөн бактылуулук, курсанчылык жана руханий жактан ток экендиги байкалып турчу. Ал эми Рамазандын он бешинчи күнүнөн өткөндөн кийин жанагы курсанчылыктары азайып, кайгыга чөгүп барышат эле. Бул болсо алардын Рамазан айына болгон сүйүүлөрүн ачыктап турган. Биз да бүгүн орозонун аяктап баратканына кайгырып турган учурубуз. Албетте, бул биздин момундук сапатыбыз жана Рамазанга болгон сүйүүбүз”, – деди Акжол ажы Бакиров.

Аталган иш-чараны улай эле, Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы “Имам Сарахсий” жана Мырза-Аке айылындагы “Абдираим кары” мечитинде таравих намазында Куран толук окулуп, Акжол ажы Бакиров эл-журтка, мамлекетке жана жалпы дүйнө жүзүнө тынчтык тилеп дуба кылды.