Кара-Суу имамдарына жыйын болуп, айттын шарттары боюнча маалымат берилди

Бүгүн, 20-апрель күнү Ош обулусунун Кара-Суу районунун имамдарына жыйын болуп, ага облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев катышты. Жыйында облус казысы имамдарга айт намазынын окулушу жана анын шарттары боюнча сабак өтүп, айт намазын көрсөтүлгөн убакыттан кечиктирбей окуу тапшырмасын берди. Аны менен катар ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча чыгарылган КР Президентинин №54 Жарлыгын, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин №01 буйругун аткарууга алуу, аларды элге жеткирүү үчүн айт намазынын кутпаларында ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча насааттарды кошуп айтуу керектигине токтолду.

Ошондой эле эл арасында чуу жараткан орозонун “29 күн болуусу” боюнча имамдарга кенен түшүндүрүп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы туура маалымат тараткандыгын айтып, кээ бир сөздөрдү ээрчип калк арасында фитнага себепчи болбоого чакырды.

Жыйын соңунда Кара-Суу районунун имамдары КМДБ жана облустук казыят тарабынан берилген буйрук-тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткаргандыгы жана анын башында райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров тургандыгын айтып, жалпы имамдарга ыраазычылык билдирди.

Ал эми райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров имамдарга ыраазычылык билдирип, расмий диний идаарадан чыккан буйруктарга жана фатваларга баш ийүү керектигин айтып, имамдарды башчыга баш ийүүгө чакырды.