Ош шаарында 150 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчасы берилди

Кечээ, 20-апрель күнү Ош шаардык казыяты калаадагы аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчаларын таратты. Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахмановдун айтымында, Амир Темир кичи районундагы жергиликтүү кайрымдуу адамдар тарабынан ун, май, чай сыяктуу зарыл азык-түлүктөр аз камсыз жарандарга тапшырылды.

Айта кетсек, Азирети Муфтийдин тапшырмасына ылайык, ыйык орозо ичи республикалык масштабда кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү жана аз камсыз болгон жарандарга Рамазан баштыктарын таратуу акциялары өттү.