Кара-Кулжа районунун жаштары кайрымдуулук иш-чараларын улантууда

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун борбордук “Азирети Билал” мечитинин имамы Абдулхаким Аскаровдун демилгеси, “Б.Эшманбетов” жана “Э.Осмонов” мектебинин 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн колдоосу менен райондун муктаж жана аз камсыз болгон катмарына кайрымдуулук максатында 60 миң сомдук азык-түлүк таратылды.

Аталган иш-чаранын башында турган борбордук мечиттин имамы Абдулхаким Аскаров кайрымдуулукка кайдыгер карабаган жаштарга ыраазычылык билдирип төмөнкүлөргө токтолду:

“Пайгамбарыбыздын (с.а.в) куттуу хадисинде: Момундар бири-бирине болгон сүйүү жана мээримдүүлүк жагынан бир дене сыяктуу. Дененин бир жери ооруса бүткүл дене тынчсызданат. Ошол жерди дарылоо менен алек болушат. Мусулмандар да ушинтип бири-бирине жардам берүүгө шашышат” деп айткан. Анын сыңары биз да калкыбыздын кыйынчылык тартып турган катмарын көрүп, тынч олтура алган жокпуз. Кудайым ушул кайрымдуулукка кайдыгер карабагандарды себеп кылып, аз камсыз болгондордун жүрөгүнө кубаныч тартуулап турат. Ар дайым жакшылыкта жанашып жүрөлү”.