Лейлекте айыл имамынын демилгеси менен Куран жарыш уюштурулду

Баткен облусундагы Лейлек районунун Лейлек айылында мечит имамы Марат Кубатбек уулунун демилгеси менен Куран  жаттоону үйрөнүп жаткан жаштар арасында сынак  болуп өттү.

Сынакка  жалпысы 100 дөн  ашуун жаш жеткинчек балдар катышып, Курандын 28-29-30 паралары боюнча өз күчтөрүн сынашты.

Жыйынтыгында калыстардын чечимине ылайык  төмөнкүлөр жеңишке жетти.

1-орун – Иманалиев Нурел;

2- орун – Абдухалилов Нурдин;

3 -орун – Гапаралиев Анас.

Уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, Куран китептери жана Ардак грамоталар тапшырылды.

«Иш-чаранын максаты жаштарды адептүүлүккө жана Куран жаттоого шыктандыруу, кызугуусун  күчөтүү», – дейт  сынактын уюштуруучусу, айыл имамы Марат Кубатбек уулу.