КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нарын шаарындагы балдар медресесинен кабар алды

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Нарын шаарындагы Орозо Айт намазына катышып, намаздан соң өкүлчүлүктүн жамааты менен Нарын шаарындагы балдар медресесинен кабар алды. Облус башчысы зыяратынын алкагында Нарын медресесинин кеңсеси менен таанышып, окуп жаткан балдар менен жолукту. Келген конокторду облус казысы Эрик Молдокулов мугалимдер жамаатына тааныштырды.

Коноктор медреседе билим алып жаткан балдарга талбастык жана тайманбастык менен терең билим алууга, ошол аркылуу Мекенге кызмат кылууга үндөп, эл уулдары болууну тилеп айт майрамы менен куттуктап өттү.