Өзгөндө айт майрамына карата 240 миң сомдук кайрымдуулук жасалды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айыл өкмөтүнүн Красный Маяк айылынын имамы Уларбек Самиевдин демилгеси менен 240 миң сомдук кайрымдуулук жасалды. Аталган кайрымдуулуктун алкагында Жылалды айыл өкмөтүндөгү 80 аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөгө айт баштыктары таратылып берилди.

«Орозо айт майрамы ислам дүйнөсүнүн улуу эки майрамынын бири. Ушул күндөргө жеткирген Жаратканга миң мертебе шүгүр болсун. Рамазандын соңунда жана Айт майрмамга карата бир аз кыйналып турган момун-мусулмандардын жүзүнө кубаныч тартууланды. Алла Таала демөөрчүлөргө да, уюштуруучуларга да ыраазы болсун», – деп билдирди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.

Белгилей кетсек, Айт баштыкчасына күнүмдүк керектелүүчү азыктар жана жаш балдар үчүн шириндиктер да салынганын хатибияттан билдиришти.