Кара-Кулжада Орозо айт майрамы кыргыз улуттук оюндары менен коштолду

Бүгүн, 21-апрель күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Орозо айт майрамы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Айтка карата спорттук мелдеш уюштурулуп, майрамга келген жалпы элге майрамдык маанай тартууланып, сый көрсөтүлдү.

Спорттук мелдештер улуттук “аркан тартыш, “таяк тартыш” жана “эр күрөш” оюндары боюнча өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылып, жаш балдарга белектер берилди.

Аталган майрамдык иш-чара райондун жаштары тарабынан демилгеленгенин, ал аркылуу ысырапкерчиликтин жана ыксыз чыгымдардын алдын алуу максатталганын райондун борбордук “Азирети Билал” мечитинин имамы Абдулхаким Аскаров билдирди.