Жалал-Абад казыятында айт майрамына карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө баштыкчалар таратылды

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятында 1500 сомдук ун, май, картошка, кумшекер, макарон, пияздан турган 40 баштыкча жардамга муктаждарга таратылды. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун казыятынын кызматкери Мелис ажы Тургунбаев, Арпидин ажы Жороев ж.б. катышты.

Казыяттан билдиришинче, бул иш-чара Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун демилгеси менен Рамазан айынын аягында, айт майрамынын алдында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип, алардын дубасын алып, сүйүнүчүн тең бөлүшүү максатында уюштурулган. «Буйруса, жакын арада арыз менен кайрылган муктаж адамдарга фитир-садакадан жардамдар көрсөтүлөт», – деп билдирди казыяттын эсепчиси Мелис ажы Тургунбаев. 

Эскерте кетсек, Рамазан айы ичинде облустун баардык район-шаарларында кайрымдуулук иш-чаралары байма-бай өткөрүлдү.