Өзгөндө аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Өзгөн районунда райондук хатибияттын демилгеси жана “Үмүт” фондунун колдоосу менен райондогу аз камсыз болгон 25 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Аталган кайрымдуулук акчалай жана жана күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүк баштыкчасы түрүндө берилди.

«Берешендик береке алып келет» демекчи, колдоо көрсөткөн  «Үмүт» фондунун эмгек жамаатына хатибиятыбыздын жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем. Кудай Таала насип кылып, дагы да көптөгөн кайрымдуулук иштерде бирге бололу», – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.