«Рамазан айлардын Султаны – 2023» II республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталды

Бүгүн, 22-апрелде борбор калаадагы «Bellagio» банкеттик залында «Ак багыт» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Рамазан айлардын Султаны – 2023» II республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынтыктоо жана сыйлоо аземине катышкан Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, жалпы катышуучуларды Орозо айт майрамы менен куттуктады:

«Коомубузда динге, элге, мамлекетибизге кызмат кылып келе жаткан агартуучу айымдар бар. Алардын катарында «Ак багыт» фондунун жетекчиси зор иштерди аткарып келет. Кудай таала Гүлнур карындашыбыздын иштерине ийгилик берип, кылган кызматын кабыл кылган болсун».

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары исламда аялзатынын орду, коомдогу жана үй-бүлөдөгү ролу, ислам тарыхындагы чыгаан асылзаттар жана момундардын энелери тууралуу баяндама жасап, инсан тарбиялоо жараянында эненин функциясы өтө зор экенин айтты.

Ал эми «Ак багыт» коомдук фондунун жетекчиси Гүлнур Асанова иш-чара соңунда бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жалпыга Жараткандан жакшылыктарды тиледи:

«Кароо-сынакты өткөрүүдөгү максатыбыз мусулмандарды ынтымакка чакыруу, жакшылыкта жарышуу, Рамазанда сооп жыйноого өбөлгө түзүү, момундардын айт майрамын бийик денгээлде майрамдоо жана жайылтуу болуп саналат. Учурдан пайдаланып фондубуздун атынан жалпы кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз. Иш-чараны өткөрүүдө колдоо көрсөткөнү үчүн Муфтиятка терең ыраазычылык билдиребиз».

Белгилей кетсек, узап бараткан Рамазанын айынын урматына өткөрүлгөн кароо-сынак төмөнкү 10 багыт боюнча өткөрүлгөн:

1. Жаш өспүрүмдөр арасында мыкты дуба

2. Эң көп кайрымдуулук кылган инсан;

3. Рамазанды эң жогорку деңгээлде тосуп алган үй-бүлө;

4. Рамазанда эң көп Куран жана хадис жаттаган инсан;

5. Алла жана Элчисине арнап мыкты ыр жазган акын;

6. Рамазан боюнча мыкты видеоролик тарткан влогер;

7. Мыкты насаатчы;

8. Мыкты телеканал, радио, сайт;

9. Рамазандын майрам катары жайылышына салым кошкон мыкты ишкер;

10. Орозо ичи мыкты иш алып барган фонд, уюм же бирикме.