Военно-Антоновка айылында 70 миң сомдук айттык баштыкчалары таратылды

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбековдун демилгеси, жергиликтүү демөөрчүнүн колдоосу менен Айт майрамына карата аз камсыз үй-бүлөлөргө Айт баштыкчалары таратылды. Жалпысынан 70 миң сомду түзгөн азык-түлүк баштыкчасын тапшыруу акциясына катышкан облус казысы айыл тургундарын Айт майрамы менен  куттуктап, эл-жерибизге тынчтык тилеп, демөөрчүлүк кылган жарандарга ыраазылык билдирип өттү.

Белгилей кетсек, аталган кайрымдуулук иш-чарасында акчалай жардамдар да көрсөтүлдү.