Кара-Сууда «Сарай» эс алуу борбору ачылып, ага Абдирашит ажы Батыров катышты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүндө «Сарай» эс алуу борбору ачылып, саамалыкка келген жалпы элге жагымдуу маанай тартууланды. Иш-чарага Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Амирбек Жунусов, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган борбордо айт күнү жаш балдарга өзгөчө көңүл бурулуп, оюн-зооктор уюштурулуп, балмуздактар таратылып, майрамдык маанай тартууланды.

Ал эми айттын эртеси болсо, жалпы жаштарды ынтымакка чакыруу максатында спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылды.

Иш-чаранын соңунда райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров айыл өкмөт башчысы Амирбек Жунусовго жана эс алуу борборунун демөөрчүсү Исламбек Абдилазиз уулуна айт майрамдын урматына жаш балдарга көңүл буруп, оюн-зоокторду уюштуруп, майрамдык маанай тартуулагандыгы үчүн жана жаштарды спорт аркылуу ынтымакка чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди:

«Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) «Күчтүү момун күчсүз момунга караганда Аллага жакшыраак жана сүйкүмдүүрөөк», – деп айткан. Дени сак, күчтүү муундун келечеги ар дайым кең болот. Балдарыбызга спортто да, илим-билимде да, адеп-ахлакта да, Мекенди сүйүүдө да жана бардык жаатта күчтүү кылып тарбияласак мамлекетибизге, элге, жергебизге жана динибизге кызмат кыла турган чыгаан инсандардан болот».