Талас районунда аз камсыз үй-бүлөлөргө торпок берилди

Талас районунун баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиевдин сунушу, жаштардын сүрөөнчүлүгү менен Кара-Суу айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Казыяттан маалымдашканына таянсак, айылдагы 29 колу жука инсанга тамак-аш азык-түлүктөрү таратылып, андан тышкары келечекте саан уй менен камсыздоо максатында 3 үй-бүлөгө ургаачы торпок берилди.

Район баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиев сунушун туура кабыл алып, ишке ашырууга колдоо көрсөткөн 1985-1993-жылы туулган айыл тургундарына терең ыраазычылыгын билдирди:

«Баарыбыз билгендей, бул кайрымдуулук ишине жалпы 190 миң сом каражат сарпталды. Кайрымдуулукка жумушалган каражатыңыздар Жараткан тарабынан эселеп-эселеп кайтат буйруса. Мындан ары да ишиңиздер ийгиликтүү, берекелүү болсун», – деди район баш имам-хатиби.