Болочок ажылар менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн 8-майга чейин өтүшү керек

2023-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлер Кыргызстан боюнча Ажыларды эмдөөчү вакцинанын түрү, 4 компоненттүү менингитке каршы вакцина “ACYW 135” жана мезгилдик гриппке каршы “Гриппол” эмдөөсүнөн (вакцинация, иммунизация) үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинен 8-майга чейин өтүшү кажет.