Кара-Сууда кайрымдуулук: 796 муктаж үй-бүлөгө 1 млн 580 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы 22 мечитте Айт майрамынын алдында жана айт күнү Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №80 буйругу аткарууга алынып, 796 муктаж үй-бүлөгө 1 млн 580 миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

Райондо жайгашкан мечиттердин имамдары жана жамааты Азирети Муфтийдин №80 буйругун аткаруу алкагында Рамазан айы ичинде кайрымдуулук иш-чараларын байма-бай өткөрүштү. Дал ушул буйруктун алкагында Рамазан айынын алгачкы он күндүгүндө 250 муктаж үй-бүлөгө 560 миң сомдук, экинчи он күндүгүндө болсо 757 муктаж үй-бүлөгө 1 млн 650 миң сомдук, ал эми акыркы он күндүгүндө жана айт күнүндө аз камсыз болгон 796 үй-бүлөгө 1 млн 580 миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

«Имамдарыбыз өз жамааты менен кылган ар бир кайрымдуулук иш-чараларын күн сайын видеого алып, сүрөткө тартып хатибиятка маалымат берип турушту. Имамдарыбыздын, дин кызматкерлеринин жана мечит жамаатынын улуу Рамазан айында кылган кайрымдуулук иш-чаралары көптөгөн муктаж үй-бүлөлөргө жагымдуу маанай жана кубаныч тартуулады. Биз кайрымдуулук кылган жана кайрымдуулукка ишарат кылган инсандарга терең ыраазычылык билдиребиз. Жараткан Алла Таала эки дүйнө бактылуулугун берсин», – деди райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Мечиттерде Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө жана айт күнүндө кылынган кайрымдуулуктар төмөнкүдөй:

1.«Арал» мечитинен 80 үй-бүлөгө 160000 сомдук;

2.«Азатбек ажы»мечтинен 77 үй-бүлөгө 140000 сомдук;

3.«Ак-Дөбө» мечитинен 30 үй-бүлөгө 140000 сомдук;

4.«Алим тепе» мечитинен 62 үй-бүлөгө 130000 сомдук (Бул мечитте Рамазан айы ичи үч жолу кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү);

5.«Исмаил уулу Адыл» мечитинен 48 үй-бүлөгө 128000 сомдук;

6.«Каратай уулу Сатыбек» мечитинен 60 үй-бүлөгө 121700 сомдук;

7.«Сармазар» мечитинен 100 үй-бүлөгө 100000 сомдук;

8.«Молдо Мамыт» мечитинен 50 үй-бүлөгө 100000 сомдук;

9.«Шананов Орозмамат ажы» мечитинен 50 үй-бүлөгө 90000 сомдук;

10.«Ат-Тирмизи» мечитинен 22 үй-бүлөгө 71400 сомдук;

11.«Кызыл-Абад» мечитинен 10 үй-үйбүлгө 65000 сомдук;

12.«Намуна» мечитинен 35 үй-бүлөгө 60500 сомдук;

13.« Кыдырша» мечитинен 25 үй-бүлөгө 50000 сомдук;

14.«Нур-Ислам» мечитинен 20 үй-бүлөгө 40000 сомдук;

15.«Абдуллох ибн Умар» мечитинен 20 үй-бүлөгө 34000 сомдук;

16.«Мамадалибек уулу Кимсанбек» мечитинен 25 үй-бүлөгө 32500 сомдук;

17.«Маданият» мечитинен 10 үй-бүлөгө 30000 сомдук;

18.«Ал-Худа» мечитинен 20 үй-бүлөгө 24000 сомдук;

19.«Абу Бакр» мечитинен 18 үй-бүлөгө 20000 сомдук;

20.«Кызыл-Сарай» мечитинен 10 үй-бүлөгө 20000 сомдук;

21.«Мачак» мечитинен 12 үй-бүлөгө 12000 сомдук;

22.«Жакып Салиев» мечитинен 12 -үй-бүлөгө 12000 сомдук жардам көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, Рамазан айы ичинде кылынган жардамдардын  жалпы суммасы: 3 790 000 сом. Тактап айтканда, 57 мечиттин имамдары жана жамааты тарабынан 1800 муктаж үй-бүлөгө 3 млн 790 миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

Буга кошумча эле Кара-Сууда «Курма менен ооз ачыңыз» аттуу акциясы да уюштурулуп, аталган иш-чара Азирети Муфтий жана облус казысынын катышуусу менен коштолуп, анда 7 тонна курма таратылган.