Военно-Антоновкада кыздар арасында 30-пара боюнча Куран жарыш өткөрүлдү

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында медреседе окубаган жаш өспүрүм кыздар арасында Курандын 30-парасы боюнча жарыш өткөрүлдү. Өтүп кеткен Рамазан айы менен коштошуу иретинде уюштурулган Куран жарышта Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Куранды көп окууга, аны жаттоого жана амал кылууга чакырды.

«Куран дүйнө жүзүндө тынымсыз окулуп жаткан улуу китеп. Ислам үммөтү Ыйык Куранды окуп, түшүнүп, аны жашоодо пайдалана билиши керек. Анткени Алла Таала ыйык Куранды бизге ушул үчүн түшүргөн десек аша чапкан болбойбуз».

Жогорку деңгээлде өткөн Куран жарышта байгелүү орунду ээлегендерге диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.