Самидин кары Атабаев атайын кызматтын офицерлерине салттуу ислам дүйнө таанымы боюнча лекция окуду

Бүгүн, 25-апрель күнү, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда квалификациясын жогорулатуудан өткөрүп жаткан офицерлерге салттуу матуридилик жана ханафилик мазхабы боюнча лекция окуду.

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары офицерлер менен жолугушууда Мекенге жана элге кызмат кылуунун артыкчылыктарын, жарандардын жана өлкөнүн коопсуздугун камсыздоонун пазилеттерин айтып, катышуучуларга КМДБ жана түзүмдөрү боюнча маалымат берип өттү.

Белгилей кетсек, аталган ич-чара КР УКМКнын генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун ага окутутуучусу, АК мүчөсү Данияр ажы Мурадиловдун демилгеси менен өткөрүлдү.