Нарын шаарында 2 күндүк ыйман кечеси болуп өттү

Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы облустук драма театрында облустук казыят жана «Адеп Башаты» диний уюму тарабынан “Аталар жашоо тилеги – Аталар жашоо тиреги” аттуу ыйман кечеси уюштурулду. Ыйман кечесине КРнын дин иштери боюнча комиссиясынын Нарын облусундагы өкүлү Бегимай Бектуровна, облус казысы Эрик Молдокулов, Нарын шаарынын вице-мэри Элнура Алымкуловна катышты.

Куран окуу менен башталган кечеде Пайгамбарыбызды (с.а.в.) даңазалаган ыр-саптар окулуп, жүрөктү агарткан кара сөздөр айтылып, сахналаштырылган тарбиялык көрүнүштөр коюлду. Ошондой эле дин аалымдарынын демдүү баяндары, Жеңишбек Жумакадыр, Жылдызбек Төрөканов сыяктуу төкмө акындардын мазмундуу ырлары жаңырды.

Келген эл бирде күлүп, бирде ыйлап, эки жарым сааттык программага ыраазы болушканын айтып, кайрадан дагы бир жолу коюп берүүнү суранышты.