Өзгөндө болочок ажыларга жыйын болуп, ажы башчылар тааныштырылды

Ош облусунун Өзгөн районунда 2023-жылдагы ажылык сапарына баруучу болочок ажыларга жыйын болду. Ага райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, ажы башчылар жана болочок ажылар катышты. Жыйында болочок ажыларга ажылык амалдарынын аткарылышы жана ибадаттагы тыюу салынган иштер боюнча сабак болуп, кеңири түшүнүктөр берилди.

Жыйындын соңунда райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров ажыларды жетектеп баруучу ажы башчылар менен тааныштырды.