“Апиза эне” ислам институтунун ректору Абдирашит ажы Батыров практика өтөгөн студенттерди кабыл алды

Кечээ, 25-апрель күнү Апиза эне” ислам институтунун ректору Абдирашит ажы Батыров аталган окуу жайдын практиканттарын кабыл алды. Кабыл алуунун жүрүшүндө практикага чыккан студенттердин практика мезгилинде кандай жетишкендиктерге жетишкендиги жана кандай кемчилдиктер болгону тууралуу баарлашып, сын-пикирлер, сунуштар айтылып, анализ жүргүзүлдү.

Практикага жалпы 24 студент диний кесип-квалификация багыты боюнча мечиттерге, диний окуу жайларга, окуу борборлорго практикага чыгып келишти. Т.а. Куран факультетинин практиканттары Кара-Суу районунун аймагындагы 19 мечитке Рамазан айында таравага хатмы куранды толук окуп намазга өтүп имамдык кылса, шарият факультетинин практиканттары диний окуу жайларда, окуу борборлордо Куран, араб тили, сиро, сарф сабактары боюнча мугалимдик кылышты. Жыйынтыгында жалпы анализ эң жакшы деген баа берилди.

Мындан тышкары, практиканттар менен жолугушууда ректор илим-билимге умтулуу, берилген тапшырмаларды өз убагында так аткаруу, жүрүш-турушка, тазалыкка, сүйлөө речке көнүл буруу керектигин баса белгилеп, келечек жаштардын колунда экендигин эскертүү менен Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка чакырып, соңунда студенттерге ийгилик каалап, дуба кылды.

Эске салсак, КМДБ тарабынан бекитилген программага ылайык 2022-2023-окуу жылына карата шарият жана Куран факультетинин 2-курстун жана 3-курстун студенттеринин алган билимдерин-көндүмдөрүн иш жүзүндө ашыруу жана бышыктоо максатында тажрыйба-практикага чыгаруу үчүн ректор Абдирашит ажы Батыров 15.03.2023-ж. №93 буйрукка кол тамга койгон болчу.