«Абдыжапар» атындагы ислам институтунда «Фикх» сабагы боюнча интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү

Кечээ, 25-апрель күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндөгү Медресе айылында жайгашкан «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студенттери арасында «Фикх» сабагы боюнча интеллектуалдык таймаш өткөрүлүп, ага 1-2-3-курс студенттери катышты. 

Мелдеш төмөнкүдөй тартипте өткөрүлдү:

1. Намаз жана орозо тууралуу суроолор;

2. Логикалык суроолор;

3. Зекет жана жаназа тууралуу суроолор.

Мелдештин жыйынтыгында 1-2-3 орундар аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле мелдеште өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студентке «Мыкты оюнчу» номинациясы тапшырылды. 

1-орун «Абу Юсуф» командасы (2-курс);

2-орун «Ханиф» командасы (3-курс);

3-орун «Мужтахиддер» командасы (1-курс). 

«Мыкты оюнчу» номинациясына 2-курс студенти Токтосунов Байелге ээ болду. 

«Буйурса бул ишибиз ар бир предмет боюнча кезектешип, жума сайын өткөрүлөт. Окугандарын кайталоо үчүн тез-тез мелдеш өткөрүү ыкмасы бир топ жакшы натыйжасын берет деп ишенебиз», – деди ректордун милдетин аткаруучусу Алтынбек ажы Туйчиев.  

Айта кетсек, бул таймашты «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун «Фикх» сабагынын мугалими Бекмамат ажы Калбердиев уюштурду.