Ош шаарында Чернобыль апаатында курман болгондор эскерилип Куран окулду

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында «Чернобыль курмандыктары» эстелигинин алдында Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетинен курман болгондорго жана жабыр тарткандарга арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Ага Ош шаардык мэрия жетекчилери, шаар мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков, Чернобыль апаатынын катышуучулары жана каза болгондордун жакындары катышты.

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары апаатта кайтыш болгондордун арбагына багыштап Куран окуду. Ошондой эле каргашалуу окуяда каза болгондор эскерилип, гүлчамбарлар коюлду.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Ош шаарында Чернобылдагы кырсыкты жоюуга катышкан 33 адам жашайт.