Ажылык төлөмүн төлөө 26-апрелден 27-апрелге чейин узартылды

Ажылыктын электрондук базасына аймактарда катталып, кезек боюнча ажыга барууга мүмкүнчүлүк алып, бирок үстүбүздөгү жылдын 20-апрелине чейинки мөөнөт ичинде белгиленген сумманы ар кандай себептерден улам төлөй албай калган талапкерлердин суранычы менен төлөмдөрдү төлөө 2023-жылдын 26-апрелинен 27-апрелине чейин узартылды.

26-апрелден 27-апрелине чейин узартылган мөөнөт ичинде төлөй албаган талапкерлер 2023-жылдагы Ажылык тизмесинен (базадан) чыгарылат. Ошондой эле жобонун негизинде кийинки кезекте турган талапкерлерге мүмкүнчүлүк берилет.