Самидин кары Атабаев: «Динге, эл-журтка, Мекенге кызмат бардык чөйрөлөрдө жүргөнү жакшы»

Кечээ, 25-апрель күнү Спорт ордосунда «Мурас» театрынын «Үй-бүлөм – бейишим» аттуу тушоо кесүү спектакли коюлду. Үй-бүлө институтун бекемдөө максатында өткөрүлгөн таалим-тарбия багындагы исламий спектаклге дин аалымдары катышты.

«Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) өз сөзүндө даанышмандык момунга тиешелүү олжо экенин, аны кайда тапса алышы керек экенин айткан. Момун-мусулман пенде кандай чөйрө болбосун, элге, мамлекетке, Мекенге кызмат кыла берет. Дайыма жакшылык, адеп-ахлак, адамгерчилик, даанышмандыктын үрөөнүн сээп, диний асыл баалуулуктарды жайылта берет. Бүгүн «Мурас» театрынын жамааты да коомдогу көйгөйлөрдү таасын чагылдырып, көрүүчүлөргө үй-бүлөлүк баалуулуктарды ачык көрсөтүп берди», – деп билдирди Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев.

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары исламда үй-бүлө очогунун мааниси, анын сактоонун жана бекемдөөнүн пазилеттери боюнча баяндама жасаса, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев театрга келген элге ыраазычылык билдирип, жаш театрдын жамаатына ийгилик каалады.

Айта кетсек, «Мурас» театрынын жамааты ар квартал сайын таалим-тарбиялык спекталь коюуну максат кылганын билдирди.