Жарыя! Үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү Эл аралык Азан жарышы өткөрүлөт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы “Мухаммед-Умар-Ош” коомдук бирикмеси менен биргеликте белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналып өткөрүлчү эл аралык Азан жарышынын алкагында муаззиндер (азанчылар) арасында конкурс жарыялайт! Жарышка Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен азанды коңур үн менен кооз, көркөм, туура айткан жалпы азанчылар катыша алат!

Тандоо турунун шарттары: азанчы өзүнүн жандуу айткан азанын уюлдук кол телефонго видеого тартып, аны +996 555 14-30-10 номериндеги телеграм баракчасына 2023-жылдын 17-майына чейин жибериши керек. Калыстар тарабынан тандалган азанчылар финалга жолдомо алышат.

Финал 27-май күнү Ош шаарындагы Кыргызстан кинотеатрында өтөт.

Байгелер:

1-орун: Умра сапарына жолдомо жана акчалай сыйлык;

2-орун: Умра;

3-орун: Ноутбук;

4-орун: Телевизор.

Маалымат үчүн: +996 772 18-48-89

Хадис: “Кыямат күнү адамдардын моюну эң узуну азанчылар болушат” (Ибн Маажа, Азан 5).