Чүй казыятында баш имам-хатибдерге жыйын болуп, бир катар тапшырмалар берилди

Чүй облусунун аймагындагы райондордун баш-имам хатибдерине жыйын болуп өттү. Жыйында төмөнкү маселелер каралып, баш имам-хатибдерге тиешелүү буйруктар берилди:

Мечиттердин эсептик каттоосун бүткөрүү;

Мечиттердин тазалыгына көңүл буруу;

Садака-фитирдин отчёту;

Айт намазын окулуусу боюнча отчёт;

Маалымат жагын жандандыруу;

Жогорудагы тапшырмалардын аткарылганы боюнча маалыматтык отчётторду өз убагында тапшыруу.

«Аллах Таалага көптөгөн шүгүрчүлүктөрдү айталы, Орозо айын жана айт намазын жакшы өткөрүп алдык. Эми болгон күч-аракетибизди дин үчүн, эл үчүн жумшап, берилген тапшырмаларды так, даана аткаралы», – деди облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.