Баткен облусунун казысы “Ар бир чек арачыга бирден китеп” акциясына катышты

Эл аралык Китеп күнүнө карата КР УКМК Чек ара кызматы тарабынан уюштурулган “Ар бир чек арачыга бирден китеп” акциясына Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят, медресе кызматкерлери катышты. Облус казысы акция алкагында КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Кыялбек Төлөнбаев менен жолугушуп, чек арачыларга Мекенди сүйүүгө, ыймандуулукка үндөгөн китептерди тапшырды.

Ошондой эле чек арачылардын иштерине ийгилик каалап, өлкөгө тынчтык, мамлекетке өсүп-өнүгүүнү тилек кылып бата берди.

Акциянын максаты, ар түрдүү жанрдагы китептерди чогултуп, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында алыскы жана тоолуу чек ара бекеттеринде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерге өткөрүп берүү экенин билдиришти уюштуруучулар.