Ош облусунун казысы кара-суулук болочок ажыларга сабак өттү

Кечээ, 26-апрель күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда 2023-жылдагы ажылык сапарына аттанып жаткан ажыларга алгачкы сабак өткөрүлдү. Ага Кара-Суу районунан ажылыкка аттанган жарандар катышып, аларга Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев ажылык амалын туура аткаруу боюнча сабак өттү. 

Аталган сабакка райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, ажы башчы болуп дайындалган Кыргызстан ислам университетинин алты мугалими катышып, ажыларды жетектеп баруучулар тааныштырылды. 

Эскерте кетсек, Кара-Суу боюнча 694 жаран ажылыкка катталган. Аларды жалпы 14 ажы башчы жетектеп барат жана алардын 6 сы Кыргызстан ислам университетинин мугалими.