Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш паркында Чернобыль апаатынын 37 жылдыгы эскерилди

Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш паркында Чернобыль апаатынын 37 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Джолдошев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун жакындарды, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасында Чернобыль апаатынан курман болгондого арналып Куран окулду. Ошондой эле оор жоготуулар менен коштолгон мындай кырсыктар кайталанбасын деген тилектер айтылды.

Белгилей кетсек, 1986-жылы Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад шаарынан 120 адам катышкан. Учурда алардын 18 и Жалал-Абад шаарында жашайт.