Ак-Талаа имамдарынын кезектеги көчмө жыйыны өтүп, воллейбол оюну менен жыйынтыкталды

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун баш имам-хатиби райондогу имамдардын кезектеги көчмө жыйынын өткөрдү. Анда Рамазан айында чогулган фитир-садаканы тиешелүү жерлерге таратып берүү боюнча талкуу орун алып, мындан сырткары жаз айларында жүргүзүлүүчү ишембилик иш-чаралары жана мечиттин айланасын көрктөндүрүү маселелери каралды.

Ошону менен катар Рамазан айында чогулган фитир-садаканы Ак-Талаа райондук хатибияты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте аз камсыз жарандарга таратылды. Казыяттан маалымдашынча, быйылкы фитир-садакадан чогулган каражат 50 үй-бүлөгө азык-түлүк иретинде таратылса, 20 үй-бүлөгө акчалай жардам катары берилди.

Көчмө жыйын соңунда Ак-Талаа районунун имамдары арасында волейбол боюнча достук мелдеши уюштурулду.