“Апиза эне” ислам институтунда КИУ окутуучулары менен студенттердин баарлашуусу уюштурулду

Кара-Суу районуна караштуу “Апиза эне” ислам институтунда билим алып жаткан студенттер менен КИУ устаздарынын атайын жолугушуусу уюштурулуп, ага Кыргызстан ислам университетинин устаздары, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, аталган институттун ректору Абдирашит ажы Батыров жана мугалимдер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө алгач келген устаздар класс бөлмөлөрү менен таанышып чыгып, андан соң окуу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Ага утурлай китепкана, меймандар үчүн атайын даярдалган бөлмө, жатакана, спорт аянтчасы жана ашкана менен таанышты.

Андан кийин жалпы студенттер менен жолугушуу уюштурулуп, ар бир устаз тааныштырылды. Көптөгөн китептердин автору, тажрыйбалуу Шамсиддин ажы сөз учугун улап, толкундангандыгын билдирип, Куран тууралуу таасирдүү баяндарды айтты. Ошондой эле кайсы илимди окуса да Куранга маани берип, андагы адеп-ахлак, таалим-тарбияга көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Илим алууда да чырайлуу кулк-мүнөз, адеп-ахлак, устаздарга болгон мамиле тууралуу токтолуп, каалоо-тилектерди айтып, жалпы студенттерге ийгилик каалады.

Сөз кезегин улаган Имамали ажы казыга, ректорго, устаздарга ыраазычылык билдирип, окуу иштеринин ишмердүүлүгү, таалим-тарбия, иш кагаздары, окуу шарттары менен таанышып чыккандыгын белгилеп, баары өз ордунда экенин, керек болсо, “эң алдыда” деп баалап, ушундай шартта студенттерди терең билим алууга чакырды. Ошондой эле шүгүр кылууга үндөп, ниетти оңдоого жана убакытты туура пайдаланууга чакырды.

Ал эми Саипназар ажы студент, ата-эне жана устаз тууралуу кеңири түшүнүк берүү менен студент бийиктикти эңсесе, ызаатты талап кылса, ал түндөрү уктабашы керектигин, суучул суунун түбүндөгү балыктарды, баалуу таштарды изилдеш үчүн чумкуп кирип, аракет кылып максатына жеткендей эле, илим алууда да мына ушундай аркеттер менен, уйкусуз күндөрдү өткөрүү менен ийгиликке жетет деген пикирин кошумчалады. «Сиздерде шарт аябай жакшы экен, бул окуу жайдан илимпоздор, аалымдар чыксын, бул жүрөктөн чыккан сөздөр, жылуу кабыл алыңыздар. Өзгөчө казыга, ректорго, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз. Биз сиздердин институтту Кыргызстанда жалпы жонунан эң мыкты окуу жай деп баа берүү менен жетекчиликке да бүгүнкү иш-чара тууралуу көргөн-билгендерибизди маалымдайбыз», – деп сөзүн аяктады.

Жолугушуу соңунда Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев иш-чараны уюштургандарга, келген меймандарга, катышкандарга ыраазычылык билдирип, бул окуу жай заманбап институттун катарына кирип, бүгүнкү күндө талапка ылайык иш жүргүзүп жатканын белгилеп өттү. Ал ошондой эле студенттерди окууга көңүл бурууга, шүгүр кылууга, жалкоолонбой тахажжуд намазын окуп, Алладан ийгилик тилөөгө чакырып, жамаат-жамаатка бөлүнбөө керектигин эскертти. Мындан сырткары студенттерге, окутуучуларга, келген конокторго хидаят, чың ден соолук каалап, окуу жай имаратын куруп, шарт түзүп берген демөөрчүлөргө ыракмат айтып, жалпы катышуучулар үчүн, эл-жер үчүн, Мекен үчүн дуба кылды.