Спорт ордосунда эки күндүк «Из калтыр» аттуу ыйман кечеси болуп, ага дин аалымдары катышты

Кечээ жана бүгүн, 26-27-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда «Адеп башаты» диний уюму тарабынан «Из калтыр» аттуу ыйман кечеси өткөрүлдү. Кечеде пайгамбарды даңазалаган ырлар жаңырып, залкар бабалардын машакаттуу жолу, каада-салттын зарылдыгы жана ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча сахналаштырылган көрүнүштөр коюлду. Иш-чарага катышкан Азирети Муфтий эң жаркын из калтырган инсан пайгамбарыбыз экенин, андан жана анын сахабаларынан үлгү алуу керектигин билдирди.

«Аалымдар адам пендеси үч түрдүү болот дешкен. Биринчиси, «жан багар». Мындай адамдар эптеп жан багып жүрүп өтөт экен. Экинчиси, «мал багар». Бул түрдөгү адамдар мал багып, дүйнө жыйып, өмүрүн коротот экен. Ал эми үчүнчүсү, «эл багар». Булар элге күйгөн, Мекенге кызмат кылган, муктажга жардамга шашкан боорукер, кайрымдуу, жапакеч инсандар. Жалпыбыз «эл багар» болууга аракет кылышыбыз керек. Анткени биз улуу пайгамбардын үммөтүбүз. Биз андан өрнөк алып, ал сыяктуу из калтырып кеткенге аракет кылалы. Жок дегенде балдарыбызга өрнөк болууну насип кылсын», – деди Азирети Муфтий.

Ал эми Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев пайгамбарыбызга салават айтуунун пазилеттери, анын куттуу изинде жол улоо, аны чин дилден сүйүү боюнча баяндама жасап, бир берилген өмүрдү өрнөктүү өткөрүүгө чакырып өттү. Самидин кары өз сөзүндө Каба уулу Кожомкулдун улуттук спортто чыйыр салганын белгилөө менен анын аты ыйгарылган чоң сарайда диний маңыздагы иш-чаралардын байма-бай өткөрүлүп жатканын белгилеп, бул да эгемендиктин жемиши жана чоң жетишкендик экенин айтып, өлкөнүн эгемендигин жана мамлекеттеги диний эркиндикти барктоого чакырды.  

Уюштуруучулардын башында турган «Адеп башаты» диний уюмунун жетекчиси Аскарбек ажы Акимбай уулу жалпы келген конокторго ыраазычылык билдирип, ата-бабалардын чыйыры дайыма эсте болушу керектигин айтып, төл тарыхты терең билүүнүн артыкчылыктарына токтолду.

Белгилей кетек, «Адеп башаты» диний уюму соңку беш жылдан бери борбордо жана аймактарда ыйман кечелерин өткөрүп келет.