Баткенде студенттерге багытталган мотивациялык жолугушуу болуп өттү

Кечээ, 27-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» жарлыгына ылайык, Билим  берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун Баткен  филиалында окуган студенттерге «Аялзаттын бактысы» аталышында жандуу семинар өткөрүлдү.

Иш-чарада Баткен шаардык кеңешинин депутаты, дарыгер Каныгүл Жороева, Баткен облустук мусулмандар казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшеевалар тарабынан кыз-келиндердин ден соолугу, адамдын абийири, аялзатынын бактысы, ийгилиги, билим жана адеп-ахлактын турмуштагы зарылдыгы тууралуу кызыктуу маалыматтар айтылды.    

«Биз канчалык кыздардын өсүп-өнүгүүсү үчүн коопсуз коомду кура алсак, аларга керектүү билимди жана кесипти берип, ден соолугун коргой алсак, ошончолук мыкты келечек ээлерин жаратып, татыктуу энелерге камкордук көргөн болобуз», – дейт Баткен облустук мусулмандар казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшеева.

Эскерте кетсек, бул мотивациялык жолугушууну аталган окуу жайдын директору Каныбек Жаникулов уюштурган. Ал мындан ары да студенттер үчүн ушундай иш-чаралар байма-бай уюштурулуп турарын белгиледи.