Равшан ажы Эратов: «Өлкө боюнча жалпы диний окуу жайларда акыйда сабагы боюнча бирдиктүү окутуу жүргүзүлөт»

Бүгүн, 28-апрель күнү  КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндөгү Медресе айылында жайгашкан  «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студенттери менен жолугушуп, бир нече маселелер боюнча баяндама жасады.

«Өлкө боюнча жалпы диний окуу жайларда акыйда сабагы боюнча бирдиктүү окутуу жүргүзүлөт. Бул ар түрдүү пикир келишпестиктердин алдын алат. Анткени азыркы учурда социалдык тармактарда диний маалыматтар көбөйдү. Анализ кылбастан, аларды окуп үйрөнгөндөр адашып да калуусу мүмкүн. Ошол себептен илим алууда устаз тандоо маанилүү. Ханафий мазхабы, Матуриди акыйдасын бекем кармоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн терең окуңуздар», – деди Равшан ажы Эратов.

Иш-чарага саламаттыкты сактоо министрлигинен өкүлдөр да катышып, ден соолукка кам көрүү, оорунун алдын алуу боюнча баалуу маалыматтар айтылды.