Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Сокулук районунун имамдары менен жолукту

Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн Жаңы-Пахта айылындагы «Саани Ибн Иса» мечитинде Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Сокулук районунун баш имам-хатиби Икрам ажы Ирысбаев баштаган райондун имамдары менен жолукту. Жолугушуунун алкагында мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча казыят тарабынан шайланган атайын өкүл менен тааныштырып, төмөнкү маселелерге токтолду:

1) Каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү;
2) Мечиттердин тазалыгына көңүл буруу;
3) Ысырапкерчиликти мүмкүн болушунча болтурбоо;
4) Жаназа намазын өз убактысында окуу;
5) КМДБдан келген буйрук, фатваларды так аткаруу.

Жыйындын жүрүшүндө облус казысы имамдар менен пикир алышып, сунуш-пикирлерин угуп, казыят жана хатибият менен тыгыз байланышта болууга чакырды. 

«Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, динибиздин бекемделүүсүнө колубуздан келишинче аракет кылып, ак эмгек өтөйлү. Баарыбызга ак кызмат менен Алланын ыраазычылыгына жетүүнү насип кылсын», – деди облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков өз сөзүндө.